425-берене. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызды кароонун тартиби


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VI БӨЛҮМ. СОТ АКТЫЛАРЫН ЖАНА БАШКА ОРГАНДАРДЫН АКТЫЛАРЫН АТКАРУУГА БАЙЛАНЫШКАН ӨНДҮРҮШ›47-глава. Аксакалдар сотторунун чечимдерин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө иштер боюнча өндүрүш

1. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызды сот ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча ушул Кодекстин 2141-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө карайт.

2. Аксакалдар сотундагы териштирүүнүн тараптарына сот өз жыйналышынын убактысы жана орду тууралуу билдирет. Сот жыйналышынын убактысы жана орду тууралуу талаптагыдай түрдө кабар кылынган аталган жактарган келбегендиги ишти кароого тоскоол болбойт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)