411-берене. Аткаруунун мөөнөтүн жылдыруу же созуу, аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү, ыйгарылган акча суммаларын индексациялоо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
VI БӨЛҮМ. СОТ АКТЫЛАРЫН ЖАНА БАШКА ОРГАНДАРДЫН АКТЫЛАРЫН АТКАРУУГА БАЙЛАНЫШКАН ӨНДҮРҮШ›45-глава. Жалпы жоболор
Аткаруу документин аткарууну татаалданткан же аларды аткарууну мүмкүн эмес кылган жагдайлар болгондо, аткаруу өндүрүшүнүн тараптары аткаруу документин берген сотко же аткарылуучу жер боюнча сотко аткаруунун мөөнөтүн жылдыруу же созуу жөнүндө, аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү жөнүндө, ошондой эле ыйгарылган акча суммасын индексациялоо жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Сот аткаруучу ушул беренеде аталган негиздер боюнча аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
Мындай арыздар сот тарабынан ушул Кодекстин 2141-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө, ушул Кодекстин 209, 210-беренелеринде каралган тартипте каралат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)