384-берене. Өзгөчө компетенция
13.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
V БӨЛҮМ. ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАКТАР КАТЫШКАН ИШТЕР БОЮНЧА ӨНДҮРҮШ›43-глава. Чет өлкөлүк жактар катышкан жарандык иштерди Кыргыз Республикасынын сотторунун кароосу
Кыргыз Республикасынын сотторунун өзгөчө компетенциясына төмөнкүдөй доолор боюнча чет өлкөлүк жактар катышкан жарандык иштер таандык болот:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында турган кыймылсыз мүлккө укук жөнүндө;
2) Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлүк жарандар менен же жарандыгы жок адамдар менен никесин бузуу жөнүндө - эгерде жубайлардын экөө тең Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турса;
3) жүк ташуу келишиминен келип чыккан доолор боюнча - эгерде ташуучу Кыргыз Республикасынын аймагында турса.