380-берене. Чет өлкөлүк жактардын процесстик укуктары жана милдеттери
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
V БӨЛҮМ. ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАКТАР КАТЫШКАН ИШТЕР БОЮНЧА ӨНДҮРҮШ›42-глава. Чет өлкөлүк жактардын жарандык процесстик укукка жөндөмдүүлүгү жана аракетке жөндөмдүүлүгү
1. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар (мындан ары - чет өлкөлүк жактар) өздөрүнүн бузулган же талаштуу укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын сотторуна кайрылууга укуктуу.
2. Чет өлкөлүк жактар Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары менен бирдей эле жарандык процесстик укуктарды пайдаланат жана процесстик милдеттерди аткарат.
3. Чет өлкөлүк жактар катышкан иштер боюнча өндүрүш ушул Кодекске жана башка мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын жарандык процесстик укуктарын атайылап чектөөгө жол берген мамлекеттердин чет өлкөлүк жактарына карата жооп иретинде чектөөлөр белгилениши мүмкүн.