369-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун актылары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IV БӨЛҮМ. МЫЙЗАМДУУ КҮЧҮНӨ КИРГЕН СОТ АКТЫЛАРЫН КАЙРА КАРОО БОЮНЧА ӨНДҮРҮШ›40-глава. Кассациялык инстанция сотундагы өндүрүш

1. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) Ушул Кодекстин 365-беренесине ылайык кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган кассациялык инстанциядагы соттун актысы токтом формасында чыгарылат.

Бардык башка учурларда кассациялык инстанциядагы соттун актысы аныктама формасында кабыл алынат.

Биринчи же апелляциялык инстанциядагы соттун актысы толук же айрым бөлүгү жокко чыгарылган же өзгөртүлгөн учурда жана жаңы чечим кабыл алынганда кассациялык инстанциянын токтому Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылат.

2. Кассациялык инстанциядагы соттун актысы ушул Кодекстин 18-беренесине ылайык кеңешүү бөлмөсүндө кабыл алынат.

Кассациялык инстанциядагы сот кабыл алынган соттук актынын резолюциялык бөлүгүн жарыялоого укуктуу. Соттук актынын резолюциялык бөлүгүн чыгарууда сот ал жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кечиктирбестен жүйөлөштүрүлгөн соттук актыны түзүүгө милдеттүү.

3. Кассациялык инстанциядагы соттук жыйналышка катышуучу жактарга жүйөлөштүрүлгөн соттук актынын көчүрмөсү аны жарыялангандан кийин дароо тапшырылат.

Ишке катышкан, бирок соттук жыйналышка катышпаган жактарга, ошондой эле сот тарабынан соттук актынын резолюциялык бөлүгү жарыяланган учурда, соттун актысынын көчүрмөсү акт жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кечиктирилбестен, тапшырылгандыгы жөнүндө кайра билдирүүчү менен кат аркылуу жиберилет (берилет).

(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)