351-берене. Кассациялык тартипте кайра каралышы мүмкүн сот актылары
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
IV БӨЛҮМ. МЫЙЗАМДУУ КҮЧҮНӨ КИРГЕН СОТ АКТЫЛАРЫН КАЙРА КАРОО БОЮНЧА ӨНДҮРҮШ›40-глава. Кассациялык инстанция сотундагы өндүрүш
1. Биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары кассациялык тартипте кайра каралышы мүмкүн.
2. Биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген, апелляциялык тартипте даттанылбаган актылары, ушул Кодекстин 251-главасында каралган учурларды кошпогондо, кассациялык тартипте кайра каралбайт.
3. Акыркы сот актысынан мурдагы аныктамалар, эгерде мындай аныктамаларга даттануу ушул Кодексте каралса, кассациялык инстанциядагы соттун кароосунун предмети боло алат.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)