343-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун актысы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

III БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТОРДУН МЫЙЗАМДУУ КҮЧҮНӨ КИРБЕГЕН АКТЫЛАРЫН КАЙРА КАРОО БОЮНЧА ӨНДҮРҮШ›38-глава. Соттун чечимине апелляциялык даттануу

1. Ушул Кодекстин 338-беренесинин 2-пунктунда каралган учурларда, апелляциялык инстанциядагы соттун актысы биринчи инстанциядагы соттун чечимин толук же айрым бөлүгүндө алмаштырган чечим формасында чыгарылат. Ушул Кодекстин 338-беренесинин 1, 3 жана 4-пункттарында каралган учурларда апелляциялык инстанциядагы сот аныктама чыгарат.

2. Апелляциялык инстанциядагы соттун чечими Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылат.

3. Апелляциялык инстанциядагы соттун актылары ушул Кодекстин 18-беренесине ылайык кеңешүү бөлмөсүндө кабыл алынат.

Апелляциялык инстанциядагы сот кабыл алынган соттук актынын резолюциялык бөлүгүн жарыялоого укуктуу. Соттук актынын резолюциялык бөлүгүн жарыялоодо сот ал жарыяланган күндөн тартып жети күндөн кечиктирбестен жүйөлөштүрүлгөн соттук акты түзүүгө милдеттүү.

Апелляциялык инстанциядагы соттук жыйналышка катышуучу жактарга жүйөлөштүрүлгөн соттук актынын көчүрмөсү аны жарыялангандан кийин дароо тапшырылат.

Ишке катышкан, бирок соттук жыйналышка катышпаган жактарга, ошондой эле сот тарабынан соттук актынын резолюциялык бөлүгү жарыяланган учурда, соттун актысынын көчүрмөсү акт жарыяланган күндөн тартып жети күндөн кечиктирилбестен, тапшырылгандыгы жөнүндө кабардар кылуу менен кат аркылуу жиберилет (берилет).

4. Апелляциялык инстанциядагы соттун актылары чыгарылган учурдан баштап мыйзамдуу күчүнө кирет, бирок Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясында кассациялык тартипте кайра каралышы мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)