324-берене. Апелляциялык даттануу (сунуштама) берүүнүн тартиби жана мөөнөтү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

III БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТОРДУН МЫЙЗАМДУУ КҮЧҮНӨ КИРБЕГЕН АКТЫЛАРЫН КАЙРА КАРОО БОЮНЧА ӨНДҮРҮШ›38-глава. Соттун чечимине апелляциялык даттануу

1. Апелляциялык даттануу (сунуштама) чечимди чыгарган биринчи инстанциядагы сот аркылуу берилет. Апелляциялык даттануу (сунуштама) ошондой эле сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу менен санариптик түрдө апелляциялык инстанцияга берилиши мүмкүн.

2. Соттун чечимине апелляциялык даттануу (сунуштама), эгерде мыйзамда башка мөөнөттөр каралбаса, сот чечим чыгаргандан кийин отуз күндүн ичинде берилиши мүмкүн.

3. Апелляциялык даттануу (сунуштама) берүүгө процесстик мөөнөт апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан ушул Кодекстин 127-беренесине ылайык калыбына келтирилиши мүмкүн.

Өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө апелляциялык инстанциядагы соттун тиешелүү соттук коллегиясынын апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун натыйжалары боюнча кабыл алган сот актысында көрсөтүлөт.

Өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө соттук коллегия аныктама чыгарат, ал кассация тартибинде даттанылышы мүмкүн.

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)