318-3-берене. Нотариустун актысын, жасалган нотариалдык аракетти же аны жасоодон баш тартууну талашуу жөнүндө арыз боюнча соттун чечими


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯ СОТУНДАГЫ ӨНДҮРҮШ›361-глава. Нотариустун актыларын, жасалган нотариалдык аракеттерди

Арызды кароонун натыйжалары менен сот төмөнкүдөй чечим чыгарат:

1) нотариустун актысын, жасалган нотариалдык аракетти мыйзамсыз деп таануу жөнүндө же болбосо нотариустун актысын, жасалган нотариалдык аракетти мыйзамсыз деп таануудан баш тартуу жөнүндө;

2) нотариалдык аракетти жасоодон баш тартууну мыйзамсыз деп таануу жана нотариусту нотариалдык аракетти жасоого милдеттендирүү же болбосо нотариалдык аракетти жасоодон баш тартууну мыйзамсыз деп таануудан баш тартуу жөнүндө.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

36-2-глава. Аксакалдар сотторунун чечимдерине даттануу

(Глава КР 2025-жылдын 6-августундагы № 190 Мыйзамынын редакциясына ылайык)