318-1-берене. Нотариустун актыларын, жасалган нотариалдык аракеттерди же аларды жасоодон баш тартууну талашуу жөнүндө арыз берүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯ СОТУНДАГЫ ӨНДҮРҮШ›361-глава. Нотариустун актыларын, жасалган нотариалдык аракеттерди

1. Нотариустун актысын, жасалган нотариалдык аракетти же нотариалдык аракетти жасоодон баш тартууну туура эмес деп эсептеген кызыкдар жак бул жөнүндө нотариустун же нотариалдык аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу кызмат адамынын турган жери боюнча сотко арыз берүүгө укуктуу.

2. Арыз сотко ал арыз ээсине нотариалдык акт, жасалган нотариалдык аракет жөнүндө же нотариалдык аракетти жасоодон баш тартуу жөнүндө белгилүү болгон күндөн тартып эсептелүүчү он күндүк мөөнөттө берилет.

3. Нотариустун актыларын, жасалган нотариалдык аракеттерди же аларды жасоодон баш тартууну талашуу жөнүндө арызды кароодо кызыкдар жактардын ортосунда укук тууралуу талаш-тартыштын бар экендигинин аныкталышы бул арызды кароосуз калтырууга алып келет. Мында укук жөнүндө талаш-тартыш сот тарабынан доо өндүрүшүнүн тартибинде каралат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)