317-берене. Арызды кароо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
II БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯ СОТУНДАГЫ ӨНДҮРҮШ›36-глава. Жаранды психиатриялык стационарга мажбурлап жаткыруу
1. Жаранды психиатриялык стационарга мажбурлоо тартибинде жаткыруу жөнүндө арызды сот иш козголгон учурдан тартып беш күндүн ичинде карайт.
2. Жаранга аны мажбурлап ооруканага жаткыруу жөнүндө иш боюнча соттун жыйналышына жеке катышуу укугу берилүүгө тийиш. Эгерде психиатриялык мекеменин өкүлүнөн алынган маалыматтар боюнча бул анын ден соолугунун абалынан улам мүмкүн эмес болсо, сот жыйналышы психиатриялык мекеменин орун-жайында жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Иш сотко кайрылган психиатриялык мекеменин өкүлүнүн, прокурордун жана ооруканага жаткыруу жөнүндө маселеси каралып жаткан адамдын өкүлүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен каралат.