302-берене. Арыздын мазмуну


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯ СОТУНДАГЫ ӨНДҮРҮШ›34-глава. Кыймылдуу мүлктү ээсиз деп таануу жана ээсиз кыймылсыз мүлккө карата муниципалдык менчик укугун таануу

1. Кыймылдуу мүлктү ээсиз деп таануу жөнүндө арызда кайсы буюм ээсиз деп таанылууга тийиш экендиги көрсөтүлүүгө, анын айырмалуу негизги белгилери сыпатталууга, буюмдун менчик ээси ага карата менчик укугун сактоого ниеттенбестен калтырып койгондугун күбөлөндүргөн далилдер жана арыз берүүчүнүн ага ээлик кылууга киришкендигин күбөлөндүргөн далилдер келтирилүүгө тийиш.

2. Муниципалдык мүлктү башкарууга ыйгарым укуктуу органдын кыймылсыз мүлккө карата муниципалдык менчик укугун таануу жөнүндө арызында кыймылсыз мүлк качан жана ким тарабынан эсепке алынгандыгы көрсөтүлүүгө, ошондой эле буюмдун менчик ээси ага карата менчик укугун сактоого ниеттенбестен калтырып койгондугун күбөлөндүргөн далилдер келтирилүүгө тийиш.