297-берене. Арызды берүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯ СОТУНДАГЫ ӨНДҮРҮШ›33-глава. Жашы жете электи аракетке толук жөндөмдүү деп жарыялоо (эмансипация)

1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 62-статьясынын 1-пунктунда каралган учурларда, он алты жаш куракка чыккан жашы жете элек өспүрүм аны аракетке толук жөндөмдүү деп жарыялоо жөнүндө арыз менен жашаган жери боюнча сотко кайрыла алат.

2. Арыз сотто ата-энесинин, асырап алуучуларынын же камкорчусунун макулдугу болбогондо же болбосо балдарды коргоо боюнча орган жашы жете электи аракетке толук жөндөмдүү деп жарыялоодон баш тарткан учурда сот тарабынан кабыл алынат.