284-берене. Баланы жатак мекемеге жөнөтүү жөнүндө чечимди кайра кароо тууралуу ишти кароо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯ СОТУНДАГЫ ӨНДҮРҮШ›30-глава. Балдарды интернаттык мекемелерге жөнөтүү жөнүндө иштер боюнча өндүрүш

1. Баланы жатак мекемеге жөнөтүү жөнүндө чечимди кайра кароо тууралуу арыз менен сотко аймагында баланын үй-бүлөсү жашап жаткан балдарды коргоо боюнча орган, жатак мекеме ведомстволук жактан баш ийген тиешелүү ыйгарым укуктуу орган, баланын мыйзамдуу өкүлдөрү кайрылууга укуктуу.

2. Баланын жатак мекемеде болушунун негиздүүлүгүн кайрадан кароо жөнүндө арыз баланы аталган мекемеге жөнөтүү жөнүндө чечимди чыгарган райондук сот тарабынан каралат.

3. Баланы жатак мекемеге жөнөтүү жөнүндө чечимди кайра кароо тууралуу иш балдарды коргоо боюнча органдын өкүлүнүн, бала турган жатак мекеменин өкүлүнүн жана прокурордун милдеттүү катышуусу менен сот тарабынан каралат.

4. Сот арызды карап чыгып, баланы жатак мекемеге жөнөтүү жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралуу же болбосо арызды канааттандыруудан баш тартуу тууралуу чечим чыгарат.