252-берене. Карызкорго соттун буйругунун көчүрмөсүн жиберүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯ СОТУНДАГЫ ӨНДҮРҮШ›24-глава. Буйрук өндүрүшү

1. Ушул Кодекстин 246-беренесинин 1 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар боюнча соттун буйругу чыгарылгандан кийин судья кийинки күндөн кечиктирбестен анын көчүрмөсүн карызкорго анын тапшырылгандыгы кайра билдирүү шарты менен жөнөтөт.

2. Карызкор соттун буйругунун көчүрмөсүн алгандан кийин он күндүк мөөнөттүн ичинде, билдирилген талапка өзүнүн каршы пикирин себептерин көрсөтүү менен, анын сотко келип түшүүсүн камсыз кылуучу кандай болбосун байланыш каражаттары аркылуу жиберет.

(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Көңүл бургула! Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамы менен ушул Кодекстин 252-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-январынын тартып күчүнө кирет.