246-берене. Соттун буйругу берилүүчү талаптар
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
II БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯ СОТУНДАГЫ ӨНДҮРҮШ›24-глава. Буйрук өндүрүшү
1. Карызкордон акчалай акчалай суммаларды өндүрүп алуу же кыймылдуу мүлктү талап кылуу жөнүндө талаптар боюнча соттун буйругу төмөнкүдөй учурларда чыгарылат, эгерде:
1) жоопкерди же карызкорду жана анын мүлкүн, ошондой эле карызкордон соттун чечими боюнча тартып алынган баланы издөө боюнча чыгымдарды өндүрүп алуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан талап билдирилсе;
2) соттун чечими боюнча мыйзамда каралган төлөмдөр төлөнгөн кызматкердин эмгек укуктарын бузган жактын эмгек акысынан ап келтирген зыяндын суммасын кармап калуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан же болбосо менчигинин укугуна карабастан юридикалык жактан талап билдирилсе;
3) турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө боюнча карызды өндүрүп алуу жөнүндө талап билдирилсе.
2. Соттун буйругу салык органынын, юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же уюштуруучунун юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө билдирген талаптары боюнча чыгарылат.
(КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111, 2025-жылдын 8-июлундагы № 134 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Көңүл бургула! Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамы менен ушул Кодекстин 246-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-январынын тартып күчүнө кирет.