238-берене. Сырттан чыгарылган чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арыздын мазмуну


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯ СОТУНДАГЫ ӨНДҮРҮШ›23-глава. Сырттан жүргүзүлгөн өндүрүш жана сырттан чыгарылган чечим

1. Сырттан чыгарылган чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арызда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) сырттан чыгарылган чечимди чыгарган соттун аталышы;

2) арыз берүүчү жактын аталышы, анын жашаган жери;

3) тараптын сот жыйналышына келбегендигинин себеби жүйөлүү экендигин жана аларды сотко билдирүүгө мүмкүн болбогондугун күбөлөөчү жагдайлар жана бул жагдайларды ырастаган далилдер;

4) арыз берүүчү адамдын суранычы;

5) арызга тиркелген материалдардын тизмеги.

2. Сырттан чыгарылган чечимди кайра кароо жөнүндө арызга тарап же анын өкүлү кол коет жана ишке катышуучу жактарга арыздын көчүрмөсү жиберилгендигинин далилдери менен сотко берилет.