232-берене. Протоколго сын-пикирлер


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯ СОТУНДАГЫ ӨНДҮРҮШ›22-глава. Протоколдор

1. Ишке катышып жаткан жактар же алардын өкүлдөрү протокол менен, анын ичинде сот жыйналышынын аудио жана (же) видео жазуунун мазмуну менен алар даярдалган жана кол коюлган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде таанышууга укуктуу.

Аталган жактар протокол менен таанышкандан кийин жасалган процесстик иш-аракеттердин жана алардын жыйынтыктарын белгилөөнүн толук эместигин көрсөтүү менен үч жумуш күндүн ичинде протоколго, аудио жана (же) видео жазуунун мазмунуна (сот жыйналышынын жүрүшүндө аудио жана (же) видео жазуу процессинде үзгүлтүк болгон учурда) жазуу жүзүндө сын-пикирлерди берүүгө укуктуу.

2. Протоколдо өчүрүүлөргө жана боёп түзөтүүлөргө жол берилбейт.

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)