228-берене. Ишке катышкан жактарга соттун аныктамасынын көчүрмөсүн жиберүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯ СОТУНДАГЫ ӨНДҮРҮШ›21-глава. Соттун аныктамасы

Сот жыйналышына келбеген ишке катышуучу жактарга иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруу же токтотуу жөнүндө же арызды карабастан калтыруу жөнүндө соттун аныктамасынын көчүрмөсү, ошондой эле доону камсыз кылуу жөнүндө соттун аныктамасынын көчүрмөсү алар чыгарылган күндөн тартып үч күндөн кечиктирилбестен жиберилет.