224-берене. Аныктаманы чыгаруунун тартиби


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯ СОТУНДАГЫ ӨНДҮРҮШ›21-глава. Соттун аныктамасы

1. Иш маңызы боюнча чечилбей калган сот актысы аныктама түрүндө чыгарылат. Аныктама сот тарабынан өз алдынча процесстик документ түрүндө кеңешүү бөлмөсүндө чыгарылат.

2. Татаал эмес маселелерди чечүүдө сот кеңешүү бөлмөсүнө кетпестен аныктама чыгара алат. Мындай аныктама сот жыйналышынын протоколуна киргизилет.

3. Аныктама кабыл алынгандан кийин дароо жарыя кылынат.

4. Судьянын сот жыйналышынан тышкаркы процесстик аракеттери жөнүндө аныктама чыгарылат, ал өзүнчө процесстик документ түрүндө таризделет.

5. Соттун аныктамасына карата жекече даттануу (сунуштама) ушул Кодексте каралган учурларда берилиши мүмкүн.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)