221-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтотуунун тартиби жана натыйжалары
13.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
II БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯ СОТУНДАГЫ ӨНДҮРҮШ›19-глава. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу
1. Иш боюнча өндүрүш соттун жүйөлөнгөн аныктамасы менен токтотулат.
2. Иш боюнча өндүрүш токтотулган учурда ошол эле тараптардын ортосундагы, ошол эле предмет боюнча жана ошол эле негиздердеги талаштар боюнча экинчи жолу кайрылууга жол берилбейт.
3. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.