214-берене. Соттун чечиминин көчүрмөлөрүн ишке катышуучу жактарга тапшыруу жана жиберүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
II БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯ СОТУНДАГЫ ӨНДҮРҮШ›17-глава. Соттун чечими
1. Ишке катышуучу жактарга соттун жүйөлөштүрүлгөн чечиминин көчүрмөсү чечим жарыллангандан кийин дароо тапшырылат.
2. Ишке катышуучу, бирок соттук жыйналышка катышпаган жактарга, ошондой эле сот чечимдин резолюциялык бөлүгүн жарыялаган учурда, соттун чечиминин көчүрмөсү чечим жарыяланган күндөн тартып беш күндөн кечиктирилбестен, тапшырылгандыгы жөнүндө кайра билдирилүүчү тапшырык кат менен жиберилет (берилет).
3. Ишке катышып жаткан жактар сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын пайдалануу менен соттун чечими менен таанышууга жана анын жуп нускасын жүктөп алууга укуктуу.
Тараптарга сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу менен жиберилген соттун чечими талаптагыдай жөнөтүлгөн деп эсептелинет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)