174-берене. Ишти маңызы боюнча кароону баштоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯ СОТУНДАГЫ ӨНДҮРҮШ›16-глава. Соттук териштирүү

Ишти маңызы боюнча кароо доогерден өз талаптарын колдой тургандыгы, жоопкерден доогердин талаптарын мойнуна алары же албасы жана тараптар ишти жарашуу макулдашуусу менен бүтүрүүнү же медиация жол-жобосун жүргүзүүнү каалары же каалабасы жөнүндө суроолордон башталат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)