165-берене. Күбөлөрдү сот жыйналышынын залынан чыгарып салуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯ СОТУНДАГЫ ӨНДҮРҮШ›16-глава. Соттук териштирүү

Келген күбөлөр сот жыйналышынын залынан чыгарып жиберилет. Төрагалык кылуучу суракка алынган күбөлөр суракка алына элек күбөлөр менен сүйлөшпөөсү үчүн чара көрөт, ал эми видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен суракка алынуучу күбөлөргө карата мындай күбөлөрдүн аларды суракка алуу башталганга чейин сот жыйналышына көрсөтүлгөн ыкма менен катышуусун жокко чыгаруучу чараларды көрөт.

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)