99-статья. Кредиторлордун талаптарын канааттандыруу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Юридикалык жак жоюлганда анын кредиторлорунун талабы төмөндөгүдөй кезек менен канааттандырылат:
биринчи кезекте - мыйзамда аныкталган тартипте тийиштүү убктылуу төлөмдөрдү капитализациялоо жолу менен өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирилгендиги үчүн карызкор жоопкерчилик тарткан граждандардын талабы канааттандырылат;
экинчи кезекте - эмгек келишими (контракт) боюнча иштеген адамдарга эс алуу күндөрү үчүн жана социалдык пособиелерди төлөп берүү жана эмгек акы төлөп берүү боюнча эсептешүүлөр үч айдан ашпаган мезгил үчүн, жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн негизги суммалары боюнча жүргүзүлөт;
үчүнчү кезекте - күрөө менен камсыз кылынбаган кредиторлордун негизги суммалары жана алардын пайыздары боюнча, ошондой эле салык милдеттенмелери жана салыктык эмес кирешелерди төлөө милдеттенмелери боюнча талаптар канааттандырылат;
төртүнчү кезекте - милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн негизги суммаларын жана салык милдеттенмесинин, салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенменин негизги суммаларын кошпогондо, бюджетке жана бюджеттен тышкары фонддорго милдеттүү төлөмдөрдүн негизги суммалары боюнча эсептешүүлөр жүргүзүлөт;
бешинчи кезекте - бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөрдүн негизги суммалары боюнча пайыздарды кошуп алганда, үчүнчү жана төртүнчү кезектеги кредиторлордун үстөк айыбын (туум жана айып) төлөп берүү боюнча талаптар канааттандырылат.
Кредиторлордун бардык талаптары канааттандырылгандан кийин калдыгы юридикалык жактын уюштуруучуларына (катышуучуларына) төлөнүп берилет (берилет).
Кредиторлордун күрөө менен камсыз кылынган талаптары ушул Кодекстин 324-статьясына ылайык күрөөнү реализациялоодон алынган сумманын чегинде башка кредиторлордун алдында артыкчылык менен канааттандырылат.
2. Ар бир кезектин талаптары андан мурдагы кезектин талаптары толугу менен канааттандырылгандан кийин гана канааттандырылат.
3. (КР 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76 мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынды)
3. Жоюу комиссиясы (жоюучу) кредитордун талабын аткаруудан баш тартса же аны кароодон четтесе, кредитор юридикалык жактын жоюу балансынын бекитилишине чейин жоюу комиссиясына (жоюучу) доо менен сотко кайрылууга укуктуу. Соттун чечими менен кредитордун талаптары жоюлуп жаткан юридикалык жактын калган мүлкүнүн эсебинен канааттандырылышы мүмкүн.
4. Жоюу комиссиясы (жоюучу) белгилеген мөөнөт кийин коюлган кредитордун талабы ал мөөнөт ичинде билдирилген кредиторлордун талаптары орундалгандан кийин карызкордун калган мүлкүнөн канааттандырылат.
5. Банкрот болуу (кудуретсиздик) процессин жүргүзүүдө ушул статьянын талаптары ушул Кодекстин 100-статьясында белгиленген өзгөчөлүктөр менен колдонулат.
6. (КР 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76 мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынды)
(КР 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76, 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 79, 2013-жылдын 3-августундагы № 186, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)