97-статья. Юридикалык жакты жоюу жөнүндө чечим кабыл алган жактын милдеттери
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 97-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 208 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Юридикалык жакты жоюу жөнүндө чечим кабыл алган юридикалык жактын уюштуруучулары (катышуучулары) же орган жоюу комиссиясын (жоюучуну) дайындайт, ушул Кодекске ылайык жоюу тартибин жана мөөнөтүн белгилейт.
3. Жоюу комиссиясы (жоюучу) дайындалгандан тартып юридикалык жактын органдарынын анын мүлкүн тескөө боюнча иш-аракетин контролдоо боюнча ыйгарым укугун алат. Атап айтканда, юридикалык жактын органдарынын мүлктү ажыратууга же карыздарын тындырууга карата жасалган актылары жоюу комиссиясынын (жоюучунун) макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
4. Юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимди юридикалык жактын үчүнчү жактардын алдында милдеттенмелери, анын ичинде кепилдик милдеттенмелери жок болгон учурда гана кабыл алышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарынын жана (же) Социалдык фондунун органдарынын арыздары боюнча юридикалык жактарды жоюуда жоюу балансын түзүү жана бекитүү талап кылынбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы № 56, 2015-жылдын 22-майындагы № 115, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 208, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)