92-статья. Юридикалык жакты кайра түзүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ›5-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Юридикалык жактарды кайра түзүү (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, өзгөртүп түзүү) анын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) же уюштуруу документтери менен ага ыйгарым укук берилген юридикалык жактын органынын чечими менен, лицензияда белгиленген операцияларды жүргүзүү алар үчүн ишмердиктин бирден-бир уруксат берилген түрү болуп саналган банктарга, финансы-кредит уюмдарына же мекемелерге карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча ишке ашырылышы мүмкүн.

Сот тарабынан таанылган же кредиторлордун жыйынында банкрот (кудуретсиз) деп жарыяланган юридикалык жакты кайра түзүү негиздери жана тартиби банкроттук жөнүндө мыйзамдар менен белгиленет.

2. Монополиялык ишмердикке чек коюу максатында мыйзам менен коммерциялык уюмдарды соттун чечими боюнча мажбурлап өзгөртүп түзүү каралышы мүмкүн.

Эгерде юридикалык жактын уюштуруучулары, алар ыйгарым укук берген орган же уюштуруу документтери менен өзгөртүп түзүү ыйгарым укугу берилген орган соттун чечиминде аныкталган мөөнөттө юридикалык жакты өзгөртүп түзүүнү ишке ашырбаса, сот юридикалык жакка тышкы башкаруучуну дайындайт жана ага бул юридикалык жакты өзгөртүп түзүүнү ишке ашырууну тапшырат. Тышкы башкаруучу дайындалган учурдан баштап, ага юридикалык жактын ишин башкаруунун ыйгарым укугу өтөт. Тышкы башкаруучу сотто юридикалык жактын атынан чыгат, бөлүштүрүү балансын түзөт жана аны өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында пайда болгон юридикалык жактын уюштуруу документтери менен бирге соттун бекитүүсүнө берет.

Көрсөтүлгөн документтерди кароонун негизинде чыгарылган сот актысынын күчүнө кириши кайрадан пайда болуучу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо үчүн негиз болот.

3. Мыйзамдарда белгиленген учурларда юридикалык жактарды бириктирүү, кошуу же өзгөртүп түзүү түрүндө кайра түзүү учурларында буга ыйгарым укук берилген, мамлекеттик органдардын макулдугу менен гана жол берилет.

4. Кошуу аркылуу кайра түзүү түрүндөгү учурлардан тышкары, жаңы пайда болгон юридикалык жактар каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жак кайра түзүлдү деп эсептелинет.

Юридикалык жакты ага башка юридикалык жакты кошуу менен кайра түзүүдө алардын биринчиси юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине кошулган юридикалык жактын ишмердигинин токтотулушу тууралу жазуу киргизилген учурдан тартып кайра түзүлдү деп эсептелет.

(Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76 , 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)