89-статья. Юридикалык жактын фирмалык аталыш ы жана жайгашкан жери
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 89-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Юридикалык жак анын түрүн, уюштуруучулук-укуктук формасы жана ишмердигинин мүнөзүн камтыган фирмалык аталышка ээ болот.
Юридикалык жактын фирмалык аталышына Кыргыз Республикасынын официалдуу толук же кыскартылган фирмалык аталышын киргизүүгө, мындай фирмалык аталышты же мамлекеттик символиканын элементтерин юридикалык жактын документтеринин реквизиттерине же рекламалык материалдарына киргизүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте гана жол берилет.
Жеке менчик формасындагы юридикалык жактар өзүнүн фирмалык аталышында мамлекеттик (муниципалдык) органдардын фирмалык аталышын, ошондой эле саясий (атайын) жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарына кирген кызмат орундарынын фирмалык аталыштарын пайдаланууга укуксуз.
Уставында пайда алуу негизги максат катары коюлбаган диний коммерциялык эмес уюмдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жактардын фирмалык аталышында диний мүнөздөгү сөздөрдү, терминдерди, аныктамаларды колдонууга жол берилбейт.
Диний мүнөздөгү сөздөрдүн, терминдердин, аныктамалардын тизмеги жана аларды пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин фирмалык аталыштарында "санарип сом" жана "санарип сом платформасы" деген сөздөрдү пайдаланууга тыюу салынат.
2. Юридикалык жактын, эгерде юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык юридикалык жактын уюштуруу документтеринде башка белгиленбесе, анын мамлекеттик каттоодон өткөн жери катары аныкталат.
3. Юридикалык жактын фирмалык аталышы анын уюштуруу документтеринде көрсөтүлөт.
4. Юридикалык жак фирмалык аталышка ээ болууга тийиш.
Фирмалык аталышка карата талаптар ушул Кодекс, ошондой эле юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен белгиленет. Фирмалык аталышка болгон укуктар ушул Кодекстин V бөлүмүнүн эрежелерине ылайык аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 61, 2016-жылдын 23-июлундагы № 133, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44, 2024-жылдын 22-июлундагы № 134, 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 ) Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)