73-статья. Камкордуктагы адамдын мүлкүн ишеним менен башкаруу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ›4-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 73-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Камкордуктагы адамдын кыймылсыз жана кыймылдуу баалуу мүлктөрүн туруктуу башкаруу зарылчылыгы болгон учурда тиешелүү камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органынын аймактык бөлүмү бул Бөлүм тарабынан аныктаган башкаруучу менен андай мүлктү ишеним боюнча башкаруу жөнүндө келишим түзөт. Мындай учурда камкордукка алуучу же көзөмөлдүк кылуучу камкордуктагы адамдын мүлкүнө болгон өз ыйгарым укуктарын сактап калат, ал укуктар ишеним боюнча башкарууга өткөрүп берилбейт.

Камкордуктагы адамдын мүлкүн башкаруу боюнча башкаруучу өз ыйгарым укуктарын ишке ашырган учурда ага карата ушул Кодекстин 72-статьясынын 2- жана 3-пункттарында каралган эрежелер жайылтылат.

2. Камкордуктагы адамдын мүлкүн ишеним боюнча башкаруу мүлктү ишеним боюнча башкаруу жөнүндөгү келишимди токтотуу үчүн мыйзамда каралган негиздер боюнча, ошондой эле камкордук кылуу жана көзөмөлдүккө алуу токтотулган учурда токтотулат.

(КР 2007-жылдын 31-июлундагы № 121, 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)