62-статья. Баланы аракетке толук жөндөмдүү деп табуу (эмансипация)


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ›4-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 62-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Эгерде он алты жашка толгон бала эмгек келишими, анын ичинде контракт боюнча иштесе, же ата-энесинин, асырап алуучулардын же камкордукка алуучунун макулдугу менен ээлик кылуу ишин жүргүзсө, ал аракетке толук жөндөмдүү деп жарыяланышы мүмкүн.

Баланын аракетке толук жөндөмдүү (эмансипация) деп жарыялоо ата-энесинин экөөнүн тең, асырап алуучулардын же камкордукка алуучунун макулдугу менен же мындай макулдук болбогон учурда соттун чечими менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн чечими боюнча жүргүзүлөт.

2. Эмансипацияланган баланын милдеттенмелери, атап айтканда ага зыян келтирүүнүн кесепетинен келип чыккан милдеттенмелери боюнча анын ата-энеси, асырап алуучулар жана камкордукка алуучу жоопкерчиликте болбойт.

(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)