59-статья. Граждандын мүлктүк жоопкерчилиги


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ›4-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 59-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

Граждан мыйзамга ылайык мүлктү өндүрүп алуу колдонулушу мүмкүн болбогон мүлктөрдөн башка өзүнө таандык бардык мүлк менен өз милдеттенмелерине жооп берет.

Граждандардын мүлктү өндүрүп алууга мүмкүн болбогон мүлкүнүн тизмеси Граждандык процесстик мыйзамдар менен белгиленет.