Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ›3-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 44-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

Облигация деп анда каралган мөөнөттө номиналдык наркта же башка мүлктүк эквивалентте облигацияны чыгарган жактан алууга аны кармоочунун укугун күбөлөндүрүүчү баалуу кагаз таанылат. Облигация аны кармоочуга анын номиналдык наркынан белгиленген процентти алууга болгон укукту же башка мүлктүк укуктарды да берет.

Облигациялар өздүк гана, эркин жүгүртүлүүчү, же жүгүртүүсү чектелген болушу мүмкүн.

(КР 2009-жылдын 19-январындагы № 7 Мыйзамынын редакциясына ылайык)