413-статья. Келишимди өзгөртүүнүн жана бузуунун тартиби


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

III БӨЛҮМ›22-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 413-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Келишимди өзгөртүү же бузуу жөнүндөгү макулдашуу, эгерде мыйзамдардан, келишимден же иш жүгүртүү каадаларынан башкача келип чыкпаса, келишимдин ошол эле формасында жасалат.

2. Келишимди өзгөртүү же бузуу талабын бир тарап башка тараптан келишимди өзгөртүү же бузуу сунушуна карата баш тартуу алынгандан, же сунушта көрсөтүлгөн же мыйзамда, же келишимде белгиленген мөөнөттө жооп алынбагандан кийин гана, ал эми жооп болбосо - отуз күндүк мөөнөттө сотко билдире алат.