4-статья. Иштиктүү карым-катнаштардын каада-салттары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ›1-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 4-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Ээлик кылуу ишинин кандайдыр-бир жагында калыптанып калган жа-

на кеңири колдонулган, кандайдыр-бир документте жазылгандыгына же жазылбагандыгына карабастан, мыйзамдарда каралбаган жүрүш-туруш эрежелери ишкердүү карым-катнаштардын каада-салты катары таанылат.

2. Ишкердүү карым-катнаштардын тиешелүү мамилелерге катышуучулар үчүн милдеттүү болгон мыйзам жоболоруна же келишимдерге карама-каршы келген каада-салттары колдонулбайт.