398-статья. Оферта жасоого чакыруу. Ачык оферта
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 398-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Аныкталбаган жактардын чөйрөсүнө багытталган реклама жана башка сунуштар, эгерде сунушта андан башка нерсе түздөн-түз көрсөтүлбөсө, оферта жасоого чакыруу катары каралат.
2. Сунуш кылган жактын кимиси жооп берсе да сунуш кылынган шарттарда аны менен келишим түзүүгө карата эрки көрүнүп турган, келишимдин бардык олуттуу шарттарын камтыган сунуш оферта (ачык оферта) катары таанылат.