Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

III БӨЛҮМ›22-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 396-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Сунуш кылган жактын бир же бир нече конкреттүү жакка жетишээрлик ачык жиберген, өзүн сунушту кабыл алуучу жак менен келишим түзгөн катары эсептөөгө ниеттенген сунушу оферта катары таанылат.

Оферта келишимдин олуттуу шарттарын камтууга тийиш.

2. Оферта аны жиберген жакты ал алынган учурдан баштап жиберилген жак менен байланыштырат.

Эгерде офертаны чакыртып алуу жөнүндө билдирүү офертанын өзүнөн мурда же аны менен бир учурда келип түшсө, оферта алынбаган катары эсептелинет.