394-статья. Келишимдин түзүлгөн учуру
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 394-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Келишим офертаны жиберген жактын анын акцептин алган учурунан баштап түзүлгөн болуп саналат.
2. Эгерде мыйзамга ылайык келишимди түзүү үчүн ошондой эле мүлктү өткөрүп берүү зарыл болсо, келишим тийиштүү мүлк өткөрүлүп берген учурдан баштап түзүлгөн катары эсептелинет (256-статья).
3. Нотариалдык күбөлөндүрүлүүчү же мамлекеттик катталуучу келишим нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же катталган учурдан, ал эми нотариалдык күбөлөндүрүү жана каттоо зарыл болсо - келишим катталган учурдан баштап түзүлгөн болуп саналат.