391-статья. Келишимдин үлгү шарттары
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 391-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Келишимде, анын айрым шарттарын тийиштүү түрдөгү жана басма сөздө жарыяланган келишимдер үчүн иштелип чыккан үлгү шарттар менен аныктоо каралышы мүмкүн.
2. Келишимде үлгү шарттарга таянуу болбогон учурларда, мындай үлгү шарттар тараптарга карата, эгерде ушул Кодекстин 4-статьясында жана 382-статьясынын 5-пунктунда белгиленген талаптарга жооп берсе, ишкердик жүгүртүү каадалары катары колдонулат.
3. Үлгү шарттар үлгү келишими же бул шарттарды камтыган башка документ түрүндө жазылышы мүмкүн.