384-статья. Акы төлөнүүчү жана төлөнбөй турган келишим
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 384-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Тарап өз милдеттенмелерин аткаргандыгы үчүн акы же башка түрдөгү кайтарма берүүнү алуучу келишим акы төлөнүүчү келишим болуп саналат.
2. Бир тарап башка тарапка бир нерсени андан акы же башка түрдөгү кайтарма албай берүүгө милдеттенген келишим акы төлөнбөй турган келишим болуп саналат.
3. Эгерде мыйзамдардан, келишимдин мазмунунан же маңызынан башка келип чыкпаса, келишим акы төлөнө турган катары каралат.