381-статья. Келишим түшүнүгү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

III БӨЛҮМ›22-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 381-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Граждандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу жөнүндө эки же бир нече жактын макулдашуусу келишим катары таанылат.

2. Ушул главанын эрежелеринде жана келишимдердин ушул Кодексте камтылган айрым түрлөрү тууралу эрежелерде башкача каралбаса, келишимден келип чыккан милдеттенмелерге карата милдеттенмелер жөнүндөгү жалпы жоболор колдонулат.

3. Эгерде бул келишимдердин көп тараптуу мүнөзүнө каршы келбесе, экиден көп тараптар түзүүчү келишимдерге (көп тараптуу келишимдерге) карата келишим жөнүндөгү жалпы жоболор колдонулат.