379-статья. Граждандын өлүмү менен милдеттенменин токтотулушу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

III БӨЛҮМ›21-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 379-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Эгерде карызкор өзү катышмайынча милдеттенменин аткарылышы мүмкүн болбосо же милдеттенме дагы башка жагынан карызкордун жеке өзүнө ажырагыс байланышкан болсо милдеттенме карызкордун өлүмү менен токтотулат.

2. Эгерде аткарылышы кредитордун жеке өзүнө арналган болсо же милдеттенме башка жагынан кредитордун жеке өзүнө ажырагыс байланышса, кредитордун өлүмү менен милдеттенме токтотулат.