375-статья. Милдеттенменин жаңыртуу (новация) менен токтотулушу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

III БӨЛҮМ›21-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 375-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Милдеттенме, тараптардын алардын ортосунда мурда болуп келген алгачкы милдеттенмени ошол эле жактардын ортосунда аткаруунун башкача предметин же ыкмасын караган башка милдеттенме (новация) менен алмаштыруу жөнүндөгү макулдашуу аркылуу токтотулат.

2. Өмүргө же ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана алиментти төлөп берүү боюнча милдеттенмелерге карата новацияга жол берилбейт.

3. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, новация алгачкы ммлдеттенмеге байланышкан кошумча милдеттенмелерди токтотот.