362-статья. Милдеттенменин карызкордун эсебинен аткарылышы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

III БӨЛҮМ›20-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 362-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

Карызкор буюмду жасап жана аны кредитордун менчигине өткөрүп чарба жүргүзүүсүнө, же утурумдук башкаруусуна, же пайдалануусуна берүү же ал үчүн белгилүү бир ишти аткаруу же кызмат көрсөтүү боюнча милдеттенмесин аткарбаган учурда кредитор ылайыктуу мөөнөт ичинде милдеттенмени ылайыктуу акыга аткарууну үчүнчү жактарга тапшырууга же өз күчү менен аткарууга жана мыйзамдан, келишимден же милдеттенменин маңызынан башка келип чыкпаса, карызкордон өзүнүн тарткан зарыл чыгымдарын жана башка зыяндарын төлөтүп алууну талап кылууга укуктуу.