349-статья. Банк гарантиясынын түшүнүгү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 349-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Банк гарантиясы боюнча банк, башка финансы-кредиттик уюм же мекеме, камсыздандыруу уюму (гарант) башка жактын өтүнүчү боюнча гарант тарабынан берилип жаткан милдеттенменин шарттарына ылайык ал жактын кредиторуна кредит берүүчүдөн төлөп берүү жөнүндөгү кат жүзүндөгү талабы боюнча акча суммасын төлөп берүү тууралу жазуу жүзүндө милдеттенмени берет.
2. Банк гарантиясы берилгендиги үчүн ал гарантия берилген жак гарантка сыйлык акы төлөп берет.
3. Эгерде анда башкача каралбаса, банк гарантиясы гарант тарабынан чакыртылып алынбайт.
4. Эгерде гарантияда башкача каралбаса, гарантка карата банк гарантиясы боюнча кредиторго таандык талап кылуу укугун башка жакка берүүгө болбойт.
5. Эгерде гарантияда башкача каралбаса, банк гарантиясы ал берилген күндөн тартып күчүнө кирет.
(КР 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)