347-статья. Милдеттенменин карызкор тарабынан аткарылгандыгы тууралу кепилге билдирүү
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 347-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
Кепилдик менен камсыздалган милдеттенмесин аткарган карызкор бул жөнүндө кепилге токтоосуз билдирүүгө милдеттүү. Башкача болгон учурда милдеттенмени аткарган кепил кредитордон негизсиз алгандарын төлөтүп алууга же карызкорго регресстик талапты коюуга укуктуу. Акыркы учурда карызкор кредитордон негизсиз алгандарын гана талап кылууга укуктуу.