343-статья. Кепилдик келишими (гарантия)


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

III БӨЛҮМ›19-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 343-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Кепилдик (гарантия) келишими боюнча кепил болуучу (гарант) башка жактын кредитору алдында ал жактын милдеттенмелерин карызкор менен чогуу толук же жарым-жартылай аткарылышынын милдетин алат.

Кепилдик келишими келечекте пайда болуучу милдеттенмелерди камсыз кылуу үчүн да түзүлүшү мүмкүн.

2. Кепилдик келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш. Жазуу жүзүндө түзүү формасынын сакталбагандыгы кепилдик келишиминин жараксыздыгына алып келет.