336-статья. Күрөөгө коюлган мүлктү сатуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 336-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Эгерде келишим тарабынан башка тартип каралбаса, ушул Кодекстин 335-статьясына ылайык өндүрүп алуу күрөөгө коюлган мүлктү сатуу ачык соода жолу менен жүргүзүлөт.
2. Күрөө берүүчүнүн өтүнүчү боюнча сот өндүрүп алуу жөнүндө чечимде күрөөгө коюлган мүлктү ачык соодада сатуу мөөнөтүн бир жылга чейинки мөөнөткө узартып коюуга укуктуу. Мөөнөттүн узартып коюлушу тараптардын бул мүлктүн күрөөгө коюлушу менен камсыз кылынган укуктарына жана милдеттерине тиешеси болбойт жана карызкорду кредитордун узартылган мөөнөт ичиндеги көбөйүп кеткен чыгашаларын жана айып төлөмдүн суммасын төлөп берүү милдетинен бошотпойт.
3. Өндүрүп алуу учуруна карата күрөөгө коюлган мүлктүн соодалашуу башталгандагы алгачкы сатык баасы күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу менен (335-статьянын 2-пункту), ал эми кыймылсыз мүлккө карата - мыйзамдардын талаптарына ылайык тиешелүү сертификаты бар, көз карандысыз баалоочу адистерди тартуу менен, күрөө кармоочунун жана күрөө берүүчүнүн ортосундагы кошумча макулдашуу менен же болбосо соттун чечими менен (335-статьянын 1-пункту) аныкталат.
Күрөөгө коюлган мүлк соодада эң жогорку бааны сунуш кылган жакка сатылат.
4. Сооданын болбой калышы жарыяланганда күрөө алуучу күрөө берүүчү менен макулдашуу боюнча күрөөгө коюлган мүлктү сатып алууга жана күрөө менен камсыз кылынган өзүнүн талаптарынын ордуна сатып алууга эсептөөгө укуктуу. Мындай макулдашууга карата соода-сатык келишими жөнүндө эрежелер колдонулат.
Кайра тооруктар ишке ашкан жок деп жарыяланганда күрөө кармоочу (Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында каралган айыл чарба багытындагы күрөөгө коюлган жер участокторун кайтарып алуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен) күрөөгө коюлган предметти анын кайрадан өткөрүлгөн тоорукта аныкталган баасынан он пайыздан төмөн болбогон суммадан көп эмес баада өзүндө калтырууга укуктуу.
5. Эгерде күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан түшкөн сумма күрөө алуучунун талаптарын жабуу үчүн жетишсиз болсо, анда ал келишим тарабынан башкача көрсөтүлбөсө, жетишпеген сумманы күрөөгө негизделген артыкчылыктан пайдаланбастан алууга укуктуу.
6. Эгерде күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан түшкөн сумма күрөө алуучунун күрөө менен камсыз кылынган талаптарынан ашса, анда алардын айырмасы күрөө берүүчүгө кайтарып берилет.
7. Карызкор жана үчүнчү жак болуп саналган күрөө берүүчү күрөө предметин сатуу жүргүзүлгөнгө чейин каалаган учурда күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмени же анын мөөнөтү өтүп кеткен бөлүгүн аткаруу менен аны өндүрүп алууну жана сатууну токтотууга укуктуу. Бул укукту чектөөгө карата түзүлгөн келишим жокко эсе.
(КР 2007-жылдын 28-февралындагы № 28, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117, 2017-жылдын 2-августундагы № 170 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)