320-статья. Айып төлөмдүн түшүнүгү
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 320-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Айып төлөм (айып акы, туума айып) деп мыйзамдар же келишим боюнча аныкталуучу акчалай сумма же келишимде белгиленген башка мүлктүк баалуулук, аны милдеттенме аткарылбай же тиешелүү түрдө аткарылбай калган учурда карызкор кредиторго төлөп же өткөрүп берүүгө милдеттүү. Айып төлөмдү төлөп берүү жөнүндөгү талап боюнча кредитор ага зыян келтирилгенин далилдөөгө милдеттүү эмес.
2. Эгерде карызкор милдеттенменин аткарылбагандыгы же тиешелүү түрдө аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпаса, анда кредитор айып төлөмдүн төлөнүп берилишин талап кылууга укугу жок.