31-статья. Жекече аныкталуучу буюмдар жана тектик белгилери менен аныкталуучу буюмдар
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 31-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Башка буюмдардан өзүнө гана тиешелүү болгон белгилер боюнча бөлүнгөн буюм жекече аныкталуучу буюм деп табылат. Жекече аныкталуучу буюмдарды алмаштырууга болбойт.
2. Бир эле тектеги бардык буюмдарга таандык болгон белгилерге ээ болгон жана саны, салмагы, ченеми менен аныкталуучу буюмдар тектик белгилери менен аныкталуучу буюмдар деп табылат. Тектик белгилери менен аныкталуучу буюмдарды алмаштырууга болот.