308-статья. Гражданды күтүүгө төлөнүүчү сумманын көбөйүшү
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 308-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
Акчалай милдеттенме боюнча гражданды күтүүгө түздөн-түз төлөнүүчү сумма (өмүргө же ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн, өмүр бою күтүүгө келишим боюнча жана башкалар) эсептик көрсөткүчүн көбөйтүү менен пропорциялуу көбөйөт.
(КР 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 19-февралындагы № 14-р чечими;